Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти башаламандыктан кийин реформаларды сунуштады

Саясат | 11 Янв 2022 | 783 | 0

Бүгүн Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынына онлайн катышып, өкмөттүн жаңы курамын сунуштады. Өлкө башчынын сунушун депутаттар бир добуштан колдоп, Казакстандын премьер-министри кызматына Алихан Смаилов дайындалды. Ошондой эле Токаев бир катар тармактарда реформа жасоо, Казакстан куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын жана тышкы чалгындоо органдарынын ишин жакшыртуу керектигин белгилеп, жаңы өкмөткө бир катар тапшырмаларды берди. Жыйынга алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жыйынына онлайн катышып, Казакстандын өкмөт башчысы кызматына Алихан Смаиловдун талапкерлигин сунуштады. Ошондой эле президент Смаиловдун Өкмөттүн ишин жакшы билерин белгилеп, оор кырдаалда экономикалык кризистен алып чыгып кетерине ишеним артты.

«Мен Казакстан парламентинин мажилисиндеги фракция жетекчилери менен макулдаштым. Эми Конституциянын 44-беренесине ылайык, Казакстандын өкмөт башчысына Алихан Смаиловдун талапкерлигин кароону депутаттарга сунуштайм. Ал эмгекчил мамлекеттик ишмер, статистикалык агенттиктин төрагасы, президенттин жардамчысы, каржы министри, премьер-министрдин биринчи орун басары болгон. Казакстан экономикасынын келечегине көз карашы мыкты. Алихан Смаилов өкмөттүн жумушун өтө жакшы билет. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аброй менен аткара тургандыгына ишенем».

Алихан Смаиловдун талапкерлигин Казакстан мажилисинин депутаттары бир добуштан колдоп беришти. 50 жаштагы өкмөт башчы ишеними көрсөткөнү үчүн депутаттарга жана президентке ыраазычылык билдирип, жаңы кызматка дайындалуу ал үчүн чоң жоопкерчилик экенин айтып, өкмөттүн бардык милдеттерин кынтыксыз аткарууга сөз берди.

«Касым-Жомарт Кемел уулу Токаев, экономикалык абалды турукташтыруу, калктын турмушун жакшыртуу боюнча берген тапшырмаларыңыз Өкмөт үчүн негизи милдеттерден болот. Өкмөт президенттин сунуштарын, баштап жаткан реформаларын жана тапшырмаларын ишке ашырат. Макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу, инфиляцияны төмөндөтүү жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу — Өкмөттүн негизи милдеттеринин бири. Экономикалык өсүүдө орто мезгилдүү убакытта 5%дык деңгээлге жеткирүү үчүн тийштүү иштер аткарылат».

Ошондой эле ал инвестиция тартуу, бизнес климатты жакшыруу, жумушсуздукту азайтуу, айлыкты көтөрүү боюнча жасала турган иштерди санап берди.

Премьер-министр шайлангандан кийин кайрадан сөз алган Касым-Жомарт Токаев бир катар тармактарга реформа жасоо керектигин айтты. Айрыкча Казакстан куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук кызматынын, тышкы чалгындоо органдарынын ишин жакшыртуу, кайра карап чыгуу, өлкөнү натыйжалуу коргоосуна жетиштирүү маселелерине кеңири токтолду. Улуттук гвардиянын санын жана сапатын жакшыртуу үчүн өкмөткө тапшырма берди. Ошондой эле бийлик өкүлдөрүнө кол салгандарды, мыйзам талаптарына баш ийбегендерди жоопко тартуу чараларын катаалдатууну буйруду.

Мындан сырткары Касым-Жомарт Токаев өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын жана акимдердин айлыгын жогорулатууга 5 жылдык мораторий жарыялады. Президент мамлекеттик кызматкерлердин бул категорияларынын азыркы маянасын толук жетиштүү деп эсептейт.

«Алардын маянасын жогорулатууга 5 жылдык мораторий жарыялоо мүмкүн деп эсептейм. Мен бул депутаттар үчүн жакшы жаңылык эмес экенин түшүнөм, бирок аны түшүнүү менен кабыл аласыңар деп ойлойм».

Казакстанда 2025-жылга карата инфляциянын жылдык деңгээли төрт пайыздан ашпашы керек. Тиешелүү тапшырманы бүгүн Касым-Жомарт Токаев берди.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта Өкмөт менен Улуттук банк инфляцияны көзөмөлдөө боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгышы зарыл. Ал импорттук көз карандылыкты азайтууга жана акча-кредит саясатынын инструменттерин камтууга тийиш.

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери эки күндөн кийин акырындык менен чыгарыла баштаарын маалымдады.

Мамлекет башчысы Токаев тынчтык орнотуучулардын миссиясы ийгиликтүү болгонун айтты. Азыр Казакстанда ЖККУнун эки миңдей бейпилдик орнотуучу күчтөрү бар, алар стратегиялык объектилерди кайтарууда.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Кырдаалдан улам Касым-Жомарт Токаев Казакстан Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаевди, премьер-министр Аскар Мамин баштаган Казакстандын өкмөтүн отставкага кетирген.

Copyright © 2017 Maral FM