«Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» көзөмөл өткөрүү пункттары 3-июндан 5-июнга чейин жабылат.
Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Бул күндөрү Кытайда Дуань-ву майрамы (Ажыдаар кайык фестивалы) белгиленери айтылды.
Транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 6-июнда жанданат.