Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 2-июнда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +25…+27 градус болот.