Биз менен байланышыңыз

Сузакта окуучу кызды сабаган мугалим жумуштан алынбайт

Кыска кабар | 28 мая 2022 | 809 | 0

Сузак районундагы мектепте окуучу кызды сабаган мугалим Мээримгүл Эргешбаева дарылануудан кийин жумушка кайтып келет. Анын жумуштан кетүү арызы жокко чыгарылды.

Бул тууралуу аталган мектептин жетекчиси кабарлады.

«Мугалим ооруканада жатат. Анын абалы аябай начар. Жумуштан бошотуу чечими анын абалын ого бетер начарлатат. Ошондуктан, кызматтан бошотуу буйругун жокко чыгардым. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Дарылоодон кийин ал жумушка кайтып келе алат. Мындан тышкары, кыздын ата-энесинин ага эч кандай дооматы жок», — деди мектептин директору.

Ошондой эле ал ооруканадагы кыздын абалынан кабар алганын кошумчалады.

«Кыздын абалы жакшы. Өз алдынча басып жүрөт. Азырынча дагы эле жүрөк айлануусу бар экен», — деп кошумчалады директор.

26-майда социалдык тармактарда мугалимдин окуучуну сабаганы тууралуу видео тарады. Ал Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими экенин Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Окуя 23-майда болгон. Буга байланыштуу Сузак райондук милициясы тарабынан териштирүү иштери жүрүп, Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлгөн.

Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы окуя боюнча териштирүү башталганын билдирген.

Мектептеги агрессия: Мугалим менен окуучу диалогго муктаж

Copyright © 2017 Maral FM