Биз менен байланышыңыз

«Дача-СУ боюнча ИИМдин өкүлү эки жолу Түркияга барып, бир дагы маалымат алган эмес»

Блог , Маек | 24 мая 2022 | 15599 | 0

23-майда Транспорт министрлигинин имаратында Дача-СУ окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын экинчи отуруму болду. Анда күч органдары окуяга байланыштуу комиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришкен. Бирок комиссиянын мүчөлөрү алардын жоопторуна канааттанбагандарын билдиришүүдө. Комиссия мүчөлөрү эмнеге нааразы болгонун Дача-СУ боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын төрагасынын орун басары Мавлян Аскарбековдон сурадык.

— Дача-СУ окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын экинчи отуруму кандай өттү?

— Кечээги биздин жыйынга күч органдарынан ИИМдин өкүлү, УКМКнын өкүлү жана прокуратура органынын өкүлдөрү келип маалымат беришти. Маалыматты угуп, керектүү суроолорду бердик. Жыйындын соңунда күч органдары берген маалымат канаатандырарлык эмес деп жыйынтык чыгардык. Ошондой эле мен кийинки жыйындарга мамлекеттик органдар болобу, күч органдары болобу, жергиликтүү бийлик болобу, биринчи башчыларын же орун басарлары келүүсүн сунуштадым. Себеби кечээ келген өкүлдөр толук маалымат бере алышкан жок жана биз берген суроолорго жооп бере албай коюшту.

— Маалыматтар жашырылдыбы же эски маалыматтар берилдиби?

— Эски маалыматтардан дагы, суроолорго жооп бере алышкан жок. Анткени көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлгөн  эмес. Ачыгын айтканда, беш жыл ичинде тиешелүү иликтөө дагы жүрбөптүр. Кылмыш иши козголгон, кийин кайра токтотулган, кийин кайра жанданган, кайра токтотулган. Бүгүнкү күнгө чейин ошол кылмыш ишин тиешелүү деңгээлде иликтөө иши жүргүзүлгөн эмес. Ошого байланыштуу биз берген суроолорго жооп ала алган жокпуз.

— Кылмыш-иши кайсы баскычка чейин иликтенген экен? 

— Тилекке каршы, ИИМ тарабынан кылмыш иши козголуп, аягына чыкпай тототулуп, 2019-жылы кайра жандандырылып, УКМКга өткөзүлүп берилген экен. Андан бери УКМКда каралып, бирок кайра токтотулуп, иш аягына чыкпай келген. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери эки ирет Түркияга барып келишкен, бирок эч кандай маалымат, эч кандай жыйынтык же толуктоочу фактыларды алып келишкен эмес.

— Бул ишке Башкы прокуратура кандай баа берген?

— Эң башкысы кечээ Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы келди, бирок биздин суроолор жоопсуз калды. «Эмне иш кылынды?» деген суроого да жооп ала алган жокпуз. Ошондуктан кийинки отурумга Баш прокурорду же анын орун басарын чакыруу чечимин кабыл алдык.

— Кийинки отурум качан болот? 

— Кийинки отурум 26-майда болот. Жума сайын бейшемби күндөрү отурум өтүп турат.

— Маегиңиз үчүн ыракмат!

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2017-жылы 16-январда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Дача-Суу айылында Боинг-747 жүк ташуучу учагынын кырсыкка учуроосунун себебин жана шарттарын иликтөө боюнча коомдук комиссия түзүү тууралуу жарыялаган. 2017-жылы 16-январда Гонконгдон Стамбулга бара жаткан ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын Boeing-747-400F жүк ташуучу учагы кырсыкка учурап, жыйынтыгында 39 адам каза болгон: анын ичинен төртөө экипаж мүчөлөрү, 35и Кыргызстандын жараны.

Copyright © 2017 Maral FM