Биз менен байланышыңыз

Үсөнбаев: Маймыл чечеги келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт

Блог , Маек | 23 мая 2022 | 2723 | 0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечеги Африкадан тышкары Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада жана Австралияда 100гө жакын адамдан аныкталгандыгын жарыялады. Ошондой эле Европа аймагында жай айларында тездик менен тарашы ыктымал экенин эскертти. Маймыл чечеги кандай оору? Анын белгилери кандай болот?  Алдын алуу үчүн кантип сактануу керек? Бул суроолорго жооп алуу үчүн Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев менен маек курдук.

— 21-майда маймыл чечеги Африкадан тышкары аймактарда жайылгандыгы боюнча маалымат чыкты. Ошол эле учурда тездик менен тарашы ыктымал экендиги айтылууда. Бул оору эмнеси менен кооптуу? 

— Бул оору бүгүнкү күндө 12 мамлекетте катталды. Анын ичинде Европа өлкөлөрүндө да катталууда. Негизи бул оору жылда бирин-экин катталчу, бирок быйыл көбүрөөк катталып, кооптонууну жаратууда. Себеби бир кездерде Африкадагы тыйын чычкандар жана ушуга окшогон жандыктардан адамга вирус өтүп жатканы мурдатан эле белгилүү болчу. Бир кездерде кара чечек деген оору болгон, 1980-жылдарга чейин ага каршы эмдөө да жүргүзүлүп келген. Чечек оорусу адамдар бир-бири менен өтө жакын байланышта болгондо жуга турган дарт болуп каралат. Көз жаш, шилекей жана чечектен чыгып жаткан суюктуктар менен байланыш болгондо жугат. Катталган 92 учурду алып карай турган болсок, бул бир жумада катталган оорулар. Бул оорулар мындан да көп болушу мүмкүн, анткени оорунун инкубатордук мезгили 21 күнгө чейин созулат.

— Оорунун белгилери кандай? 

— Бул ооруда дене табы көтөрүлүп, баш, бел, булчуңдар катуу ооруп, бездер чочуп, чыйрыгуу менен дене өзүн чарчаңкы сезет. Мындан дагы илгерилей бергенде биринчи адамдын бетине чечек чыгып, ыйлаакчалар пайда болот. Балдарга суу чечек чыгып жатпайбы, ошол өңдүү чыгат. Андан кийин суусу чыгып, анан кургап түшөт. Негизи өзү 2 жумадан бир айга чейин узап кете турган дарт катары белгилүү.

— Ооруну дарылай турган атайын дары-дармек же вакцина барбы?

— Бул жаңы кооптонууну жаратып жатат. Болбосо бул вирус мурда эле белгилүү болчу. Жеңил түрүндө өтүп, көп этибарга алынган эмес. Кара чечек оорусуна дүйнө жүзү боюнча 1980-жылга чейин эмдөө жүргүзүлүп, бала кезде эмделип, «андан ары туруктуу иммунитет пайда болот» деп эсептелинчү. Маймыл чечегине дагы эмдөөнүн эффективдүүлүгү бийик деп айтылып жатат. Бирок биздин азыркы 40 жашка чейинки жарандар дээрлик эмдөө алган эмес, ошондуктан коллективдүү иммунитет жокко эсе деп айтсак болот. Бул жагынан карганда маселе жаралбай койбойт. Кийинки кездерде үчтөн алтыга чейин өлүмгө алып келе тургандыгы айтылып жатат.

— Жарандар оору жукпашы үчүн өзүн кантип коргой алат?

— Өздүк жана коомдук гигиенаны бет кап тагуу, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен коргонууну күчөтүү керек. Анткени бул үчүн атайын колдонуучу деле дары-дармектер жок. Вирус катары күчтүү антибиотиктер колдонулбайт.

— Оору Кыргызстанга келиши мүмкүнбү? Келсе кандай чаралар көрүлөт же азыр алдын алуу чаралары көрүлүп жатабы?

— Учурда миграция деген күчөп, авиакаттамдар аябай көбөйгөн. Биздин өлкөгө «келбейт» деп эч ким кепилдик бере албаса керек. Ошондуктан биздин чет өлкөгө чыккан жарандарыбыз өтө кылдат мамиле кылып, өзүн-өзү сактай турган жөнөкөй эрежелерди колдонушу керек. Чоочун жерлерге барганда жакын контакт болуудан качып турушу зарыл. Эгерде биздин өлкөгө келе турган болсо, санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөтүп, биз ага карата даярдыкты күчөтөбүз.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM