Биз менен байланышыңыз

Айтматов атындагы Бишкек лицейи: Кыялдарды орундатуудагы 30 жыл

Билим-маданият , Коом | 20 мая 2022 | 1747 | 0

Бүгүн Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» аттуу иш-чара болуп өттү. Ал сүрөт көргөзмөлөрү, спорттук мелдештер, ачык сабактар жана концеттик программа менен коштолду. Иш-чара аталган окуу жайдын 30 жылдык ишмердүүлүгүнө карата өткөрүлдү. Лицейдин аткарган иштери жана жетишкендиктерине алдыда кененирээк токтолобуз. 

Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемеси – Кыргызстанда 1992-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Алгач Кыргызстан менен Түркиянын Билим берүү министрликтеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде өлкөнүн үч шаарында үч лицей ачылган. Биринчилерден болуп Бишкек шаарына Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи ачылган. 2002-жылы лицейдин 10 жылдык маарекесине карата дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу Чыңгыз Айматовдун уруксаты менен мектеп «Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи» деп аталган. 1996-жылдан бери лицейди 1836 окуучу бүтүргөн.

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин директору Эмиль Рыскулов лицейдин билим берүүдөгү өзгөчөлүгү билимдин сапаты менен балдардын тарбиясында экендигин белгиледи.

«Билим берүүдө Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемелеринин эмне өзгөчөлүктөрү бар дегенде мен дайыма бир нерсеге токтолом. Куштун эки канаты бар, бир канаты сынык болсо куш уча албай калат. Ошондуктан биз бир канаты илим, билим болсо, экинчи канаты адеп, тарбия деген нерселерге көбүрөөк таянуу менен ушул эки нерсени тең салмактуулукта кармагандыктан көп жакшы жетишкендиктер болот. Дүйнөдөгү атактуу фирмалар жумушка алууда эң биринчи кезекте кишинин башкалар менен иштеп кетүү жөндөмдүүлүктөрүнө, адеп, тарбия жагына көп басым жасай баштады. Калган жумушка болгон жөндөмдүүлүктөрдү өзүбүз үйрөтөбүз деп сунуштайт. Эми 2022-жылдан баштап Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи Кембридж эл аралык борборунун аккредитациясынан өттү. Кийинки жылдан баштап ушул системада окутуп баштайбыз».

Жакында эле Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи Кембридж эл аралык борборунун аккредитациясынан өткөн. Кембридж эл аралык сынагы — Улуу Британиядагы Кембридж университети тарабынан уюштурулган окуучулардын билимин баалоочу система. Ал негизинен дүйнөлүк стандарттын деңгээлинде эл аралык билим берүүнү камсыздоо, мектептерди билим берүү программалары жана бардык зарыл кызматтар менен камсыз кылуу, анын ичинде кеңеш берүү, мугалимдер үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүү, маалыматтык колдоо сыяктуу максаттарды көздөйт. Кембридж программалары жана экзамендери 160тан ашык өлкөдө 9 миңден ашык мектепте кабыл алынат.

Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин башкы директору Нурлан Кудайбердиев улуу жазуучунун атын ташып жүргөн лицей, өзүнүн билими менен татыктуу таанытып жаткандыгын белгиледи.

«Бул мектеп мындан ары бир гана Кыргызстандын же түрк элинин баалуулуктарын ташыган эмес, дүйнөдөгү бүт улуттардын баалулуктарын дүйнөгө тааныткан мектеп болот. Кыргызстандын билимин эң мыкты деңгээлде тааныткан, билимдин, инновациянын элчиси болгон балдарыды, кыздарды тарбиялаган мекеме болобуз деп эсептейм. Баарыңыздарды майрамыңыздар менен куттуктайм, ийгилик!».

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурунку Тышкы иштер министри Аскар Айтматов «Айтматовдордун»  үй-бүлөсүнүн атынан мааракелик иш-чарага катышуу сыймык экендигин белгилеп, жалпы мектептин жамаатын майрамы менен куттуктады.

«Мен үчүн Айтматов атындагы мектептин руханий жактан мааниси чоң. Өз убагында Чыңгыз атабыз өзү бул мектепке атын берүүгө макул болгон. Отуз жыл аралыгында бул мектеп Кыргызстандагы эң алдыңкы мектептердин бири экендигин бир канча жолу далилдеди. Бул мектеп өз өлкөсүнө жана элине татыктуу атуулдарды тарбиялап чыгарууда. Тилекке каршы лицейдин мааракелик иш-чарасына менин досум, ушул мектептердин түптөөчүсү Орхан Инанды катыша алган жок. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, ал биз менен болбогону менен ал жакта кубанып отурса керек. Ошондой эле ал сөзсүз бир күн арабызга келип кошулат деген ниеттемин. Баардыгыңыздарга ийгилик каалайм».

 

Лицейге окуучулар 7-класстан кабыл алынып, окуу планы жана окуу программалары мамлекеттик базистик окуу планы менен билим берүү стандартынын талаптарына жооп берет. Англис тили тереңдетилип окутулат. Математика, физика, химия, биология, информатика сабактары англис тилинде окутулат. Ошондой эле 2014-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин базасында Олимпиада борбору ачылган. Анда математика, химия, биология, информатика сабактары боюнча жөндөмдүү окуучуларды дүйнөлүк олимпиадаларга даярдашат. Бүгүнкү күнгө чейин окуучулар дүйнөлүк олимпиадалардан бир алтын, 9 күмүш, 49 коло медаль багындырышкан. Ал эми Эл аралык олимпиадалардан 8 алтын, 34 күмүш, 113 коло медаль утуп алышан. Учурда улуттук олимпиаданын жыйынтыгында «Сапат» билим берүү мекемесинин 17 окуучусу дүйнөлүк  олимпиадага жолдомо алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM