Биз менен байланышыңыз

Сел каптоолордун себеби климаттык өзгөрүүдөнбү?

Блог , Маек | 19 мая 2022 | 11580 | 0

18-майда Ош облусунун жана Баткен облусунун бир катар аймагында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Буга чейин өткөн аптада да Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарын сел каптап, жолдор бузулуп, көпүрөлөр жараксыз болгон. Азырынча табигый кырсыктан тарткан зыяндын так эсеби чыга элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел локалдык болуп, климаттык өзгөрүүлөр таасир этип жатканын айтышууда. Өлкөдөгү климаттык өзгөрүүлөрдүн себебин билүү максатында, Улуттук илимдер академиясынын «Бийик тоолуу Тянь-Шань» илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов менен маек курдук. 

— Кыргызстанда акыркы жылдарда кандай климаттык өзгөрүүлөр байкалууда?

— Биздин Ысык-Көлдөгү  1950-жылдагы «Кызыл-Суу» деген метеостанциянын маалыматы боюнча жана 1930-жылдагы «Тянь-Шань -Кумтөр» метеостанциянын маалыматы боюнча көп жылдык тренд жаан-чачын өзгөрүүсүз уланып келе жатат. Болгону жылдык гана өзгөрүүлөр бар. Бир жыл жамгыр аз болсо, кийинки жылы көп болот. ал эми абанын температурасы болсо көтөрүлүп жатат. мына Ысык-Көл облусунда 1950-жылдан бери  1,4 градуска чейин көтөрүлдү. Ал эми 1930-жылдан бери «Кумтөрдүн» айланасында 1,6 градуска чейин көтөрүлдү. Ар бир региондо өз-өзүнчө ар түрдүү көтөрүлдү. Ал эми Ысык-Көлдүн тескей Ала-Тоосунда болгону 1,1 градус гана ысыды.

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел локалдык болуп, климаттык өзгөрүүлөр таасир этип жатканын айтышууда. Бул боюнча пикириңиз кандай? 

— Катуу жаан жаап койсо деле «климаттык өзгөрүүлөрдөн улам» деп айта береби? Бул бир сөз менен айтканда алардын ишинин толук кандуу аягына чыкпагандыгынын көрсөткүчү. Эмне үчүн жыл сайын эле бир эле жерди сел ала берет? Эмне үчүн ошол жакка керектүү каражатты жумшабай жатышат. Иштеп эле, жасап эле жатышат, бирок ошол эле жерден кийинки жылы сел жүрөт. Бул деген Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин түздөн-түз иши. Бир жерди жасадыңыбы, экинчи сериясын да жасашы керек. Маселе климаттын өзгөрүшүндө эмес. мындай жаан-чачын 100 жылдап эле жаап келген. Бирок азыр бизде сел албагыдай кылып алдын алуу иш чараларын жургузүүгө мүмкүнчүлүк бар.

— Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Жогорку Кеңештин жыйынында: «Жаан туруп туруп эле чакалап төгүп салып жатат, мурда мындай болгон эмес. Акыркы 5 жылда ушундай абал байкалууда. Өлкөдө жүргөн селдин баары локалдык болгондуктан, кесепеттери оор болуп жатат» , — деп айтты. Сел ушундан улам болуп жатабы? 

— Мен балачакта, мындан 40 жыл мурда мындан да катуу жаан жааган. Бирок ал убакта коммунистер дамбаларды куруп, арык, каналдарды казып алдын алуу иш-чараларын жасачу. Маселе табиятта эмес, маселе биз адамзатында болуп жатат.

— Негизи акыркы жылдары климат жаанчыл болуп өзгөрүп жатабы? 

— Климат өзү менен өзү өзгөрөт. Климаттык өзгөрүү болгондо былтыр 4 ай жаан жаабай койду, анда «жаан жаабайт» деп жинди болдук. Быйыл болсо май айында кичине нөшөрлөп жаап койсо, дагы чыктык. Эми айткым келгени, күн жаабай койсо да байкуш экенбиз, жааса дагы байкуш экенбиз. Качанга чейин байкуш болобуз, эмне үчүн буга олуттуу мамиле кылынбайт деген сөз. Өкмөт деген көп акча бөлүп, сураганын берип жатат, бирок ошол жасалган ишти көзөмөлдөп коюш керек эле да. 30 жылдан бери эле ошол жерди сел алып жатат. Анан эми жаратылышка шылтап коебуз. Кудайга шылтап отурганыбыз деле жетишет.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

Copyright © 2017 Maral FM