Биз менен байланышыңыз

Ормонов: Санарип министрлигине Кыргызстандын жарымын эле берип койгула

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 546 | 0

«Санариптик өнүгүү министрлигине бир канча ишкананы өткөрүштү. Эми ушунча кошконго жараша «Дастанга» кошуп, «Улан» ишканасын дагы өткөрүп бергиле. Себеби ал завод түздөн-түз «Дастага» баш ийет. Кыргызстандын жарымын эле берип койсо болот», — мындай пикирин депутат Улукбек Ормонов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Министрлер кабинетинин 10-майдагы токтому менен «Кыргызтелеком», «Евразия сактык банкы», «Альфа Телеком», «Дастан» ишканаларынын мамлекеттик акциялары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынып, Санариптик өнүгүү министрлигине өткөрүлгөн.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Дастан» ишканасынын мүмкүнчүлүктөрүн эң жакшы деңгээлде билет.

Депутат бул боюнча протоколдук тапшырма берүүсүн төрага Талант Мамытовдон суранып, бул ишканалар боюнча Акылбек Жапаровдун жеке түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

«Эгерде министр Талант Иманов «Дастан» ишканасын колунан чыгаргысы келбей жатса, анда кайра алып барып койгула, иштей берсин. Санарип министрлигин башка билген кишиге бергиле. «Дастан» ишканасын «Дата» борбор куруу үчүн кошуп жатканы күлкүлүү нерсе. Ошондуктан бул боюнча өкмөттүн токтомун, Жогорку Кеңештин токтому менен жокко чыгарыш керек» , — деди Ормонов.

Эске салсак, 10-майда «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов Кыргызстанга кайтып келгенде УКМК камакка алып, бирок жарым суткадан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарып жиберген.

11-майда Kaktus.media өздүк булактарына таянып, Ширшов санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов менен чогуу «Дастан» ишканасынын жетекчиси Эрик Апышевдин иш бөлмөсүндө болгонун, ал жерде эки сааттай баарлашканын жазган. Анда Ширшовдун Эрик Апышевдин кызматтык унаасы менен «Дастан» ишканасынын аймагынан чыгып баратканы да видеого тартып алынган.

Президент Садыр Жапаров Ширшовдун Кыргызстанга келишин Максим Бакиевдин эсебиндеги 200 млн долларды кайтарууга жардам берери менен түшүндүрүп, өзү кабыл алганын айткан.

Санариптик өнүгүү министри Талантбек Иманов 2010-жылдын 7-апрелине чейин Ширшовдун жеке айдоочусу болуп иштеген. Ширшов 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кыргызстандан качып кетип, Садыр Жапаров бийликке келгенде кыргызстанга кирип-чыгып жүргөнү айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM