Биз менен байланышыңыз

Министр Бейшеналиевдин кеңешчиси кармалды

Кыска кабар | 18 мая 2022 | 1097 | 0

17-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн жаткан ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 1993-жылдын 3-сентябрында туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, кармалган.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (“Опузалап пара алуу”) негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

14-майда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо координатору 100 миң сом пара алууга шектелип кармалганын жарыялаган. Анын жанында министрдин кеңешчиси да болгону айтылган.

Бейшеналиев өзү бул маалыматты четке кагып, ал күнү медайымдар күнү белгиленгенин, ал эми акча майрамга карата алынганын айткан.

Акыркы бир нече күндөн бери соцтармактарда Бейшеналиевдин «кеңешчиси делген аял менен түшкөн» сүрөттөрү тарап жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM