Connect with us

Онкологиялык оорусу бар балдардын орто жолдо калган абалы

Коом | 17 Май 2022 | 1209 | 0

Бүгүн, 17-майда Бишкекте онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын ата-энелери митингге чыгышты. Алардын айтымында Рак илдетине каршы дары-дармектер, препараттар мамлекет тарабынан берилбей, чет өлкөдө жасалчу операцияларга каражат бөлүнбөй жатат. Алар президентке жана саламаттыкты сактоо министрине кайрылышып, жардам сурады. Рак илдети менен ооруган оор абалдагы балдардын Ата-энелери туш болгон маселелер, оорукананын жетекчилиги тарабынан балдарга, ата-энелерге болуп жаткан адилетсиз, орой мамиле тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Мээрим Алтынбекованын апасы Кундуз кызына Түркиядан шашылыш түрдө операция жасалыш керектигин айтат. Ал эки жолу саламаттык сактоо министрлигине кайрылган, бирок эч кандай жардам болбогонун, көңүл бурулбаганын, кур убадалардан сырткары эч кандай кыймыл болбой жатканына кейийт.

«Күн сайын балдар дарттан каза болуп жатышат. Жардам бергиле. Эчким биздин балдарды карабай жатат. 20га жакын баланын ата-энеси акча чогулта албай жатабыз. Өкмөт, министрлик көңүл бурбай жатат. Керек болсо системаны да өзүбүз сатып алууга туура келип жатат. Дары-дармек жок, камсыздай турган эчким жок, келбейт дагы. Менин кызым 13 жашта. Ал жашагысы келет.»

Нааразычылык акциянын катышуучусу Гүлдананын кызы рак дартынан жапа чегип келет. Ал кичинекей балдар ата-энесинин көз алдында чарчап калып жатканын айтып, онкологиялык ооруканада эч кандай шарт жоктугун, дарылоо протоколу туура эмес болуп жатканын айтып берди.

«Онкологдор дайыма «Рак бул — өкүм эмес» деп айтышат. Бирок бул бизге айтылган сөз эмес экен. Мен кызым менен ооруканада жатканыма 11 ай болду. Ойлонуп көрсөм, биздин мамлекет башка өлкөлөрдөн медицина жагынан 70 жылга артта калыптыр. 6 айда 30дай бала каза болуп калабы? ушул суроого жооп жок болуп жатат. Ушул себептен биз бүгүн митингге чыктык. Эмне үчүн Балдар онкология жана гемотология борборунда реформа жок? Ушул жерди нөлдөн баштап реформа кылыш керек».

Бир жылдан ашык убакыттан бери Балдардын онкология жана гематология борбору Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасына кирген.

Бийликтин бул чечиминен кийин дартка чалдыккандардын абалы оорлошуп, көйгөйлөр дагы да көбөйө баштады.

«Жардам берүү оңой» коомдук фондунун жетекчиси, 8 жылдан бери онкологиялык дартка чалдыккан балдарга жардам берип келген Динара Аляева Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы бөлүмүндө түшүнүксүз, адилетсиз көрүнүштөр болуп жатканын айтты. Балдар онкологиясы бөлүмү көчүп кеткенден кийин ооруканага канча каражат бөлүнгөнү, кайсы жактан жана кандай дары-дармектер алынып жатканы, жетишсиз болуп жаткан препараттар тууралуу маалыматтар жашыруун болуп калган.

Аляеванын айтымында, Жал кичирайонунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунунун жетекчилиги тарабынан ата-энелерге коркутуулар күчөп, ал эми дарттан жапа чеккен балдардын укуктары тебеленип, адилетсиз жана орой мамилеге туш болуп жатат.

«Балдарда эмне күнөө бар? Ушундай чыдагыс шартта жатышат ооруканада, палатадан да чыгарышпайт, коридорго балдарды ата-энелери менен чыгарышпайт экен. Концлагерь сыяктуу жер болуп калган. Ар ишемби сайын биздин атайын мугалимдер балдарга барып сабак өтүш үчүн урданып, жашынып барышат. Дарыгерлер, медайымдар көрүп калбасын деп акырын жашынып барып балдарды окутуп келишет. Балдар биздин мугалимдерди кадимкидей күтүшөт. Оорукананын жетекчиси болсо мугалимдерди кадимкидей киргизүүгө, балдарга сабак өтүүгө уруксат бербей жатат. Ал «оорулуу балдар, эмнени түшүнмөк эле. Аларга тынчтык керек», — деп айтат. Кантип болсун ушул?

Дарылар, препараттар жок. Болсо дагы эң арзан Индиянын дарыларын сатып алып жатышат. Ай сайын фондго каражат бөлүнөт, ал кайсы жака сарпталып жатат? Эчким билбейт, маалымат берилбейт. Жалдагы оорукананын жетекчиси ушул маселелерди чечпейби, мугалимдерге асылбай.»

Кыргыз-Славян Университетинин Нур жана онкологиялык оорулар боюнча профессору Эмил Макенбетов Аляеванын айткандарын ырастады. Буга чейин Макенбетов рак оорулуу балдар менен дайыма тыгыз байланышта болуп, алардын абалынан кабар алып, дарылоосуна көңүл буруп келчү. Бирок Балдардын онкология жана гематология борбору Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасына киргенден кийин жетекчи тарабынан Макенбетовду себепсиз киргизүүгө, балдар менен көрүшүп, сүйлөшүүгө тыюу салынганын айтып, жарым жылдай ал ооруканага барбай калганын айтып берди.

Дарттан жапа чеккен балдардын көйгөйлөрү эмне үчүн чечилбей жатканынын себептерин атады.

«Бул жерде аябай көп маселе бар. Биринчиден: каражат маселеси, андан кийин адистердин жетишсиздиги. Так онкология жаатында даярдалган адистер аябай аз. Мен жарым жылдан ашык убакыттан бери ал ооруканага жолобой калдым. Тагыраагы мени жолотпой коюшту. Себепсиз эле. Бул бөлүм Жалга көчкөндөн кийин мен да штат менен ошол жерге барып иштемекмин. Бирок барганда мага кабинет бербей коюшту, андан кийин жетекчилик штатка да киргизбей коюшту. Мейли деп мен азыр балдардын ата-энелери менен дагы эле байланыштамын. Аларды башка жерден кабыл алып, кеңештерди берип турам. Чарчап калган балдар аябай көп болуп жатат, себеби протоколдор туура эмес болуп жатат». 

Мен Кыргызстанда жалгыз профессор онколог-гемотологмун. Ал жерде болсо бир да ушул илимдин кандидаты жок.

Ал эми бул маселелерге байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Гүлзат Маймеровага байланышканда ал комментарий берүүдөн баш тартып, бираздан кийин өзүм байланышам деп, бирок байланышкан жок.

Расмий эсепте Кыргызстанда 2,5 миңге жакын бала онкологиялык дарт менен күрөшүүдө.

Улуттук статистика комитетинин 2021-жылга карата маалыматында, 28 миң 597 киши рак оорусу менен расмий каттоодо турат.

Статистика боюнча, Кыргызстанда бир күндө 15 кишиге онкологиялык диагноз коюлат.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө жыл сайын 5 миллиондон ашык бала рак менен ооруп каза болот.

2020-жылдагы эсеп боюнча, дүйнөдө 10 миллион адам онкологиялык оорулардан каза болгон. Биринчи орунда аялдардын көкүрөк рагы, андан соң өпкө, ичеги карын, эркектердин урук безинин (простата) шишиги турат. Ракка чалдыгуунун негизги себептери катары Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чылым тартуу, туура эмес тамактануу, алкоголду ашыкча ичүү, кыймылсыздык, булганыч абаны белгилеген.

Дарыгер: Рак оорусунун пайда болушуна негизги беш себеп бар

Copyright © 2017 Maral FM