Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Рак оорусунун пайда болушуна негизги беш себеп бар

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Фев 2022 | 5173 | 0

Дарыгер Марат Жекшенов «Маралга» берген маегинде онкологиялык оорулардын келип чыгышынын негизги беш себебин айтып берди.

Анын маалыматына  караганда, илдетке кабылуунун себептерине тамеки чегүү, ичимдик ичүү, туура эмес тамактануу, кыймылсыздык жана булганыч абадан дем алуу кирет.

Тамеки чегүү эрин, тил, тамак, кекиртек, өпкө, боор, ашказан, ичеги рагын чакырат.

Ичимдик ичүү ооз көңдөйү, кекиртек, ашказан, кызыл өңгөч, боор жана ичеги рагына жол ачат.

Ачуу татымалды көп колдонуу, куурулган тамак-аш, боёк кошулган азыктар, тез татымдар (фастфуд) ашказан, жоон ичегинин рагына алып келет.

Ашыкча салмак, кыймылдын аздыгы да онкологиялык ооруларга түрткү болот.

Ошондой эле акыркы жылдарда эң көйгөйлүү болгон кара түтүн маселеси өпкөнүн рак клеткаларын козгойт.

«Себепсиз башы ооруп, арыктап, шалдырап, табити жоголуп баштаса, рак оорусу башталып жатканынан кабар берет. Дене табы да себепсиз көтөрүлүп, түшпөй туруп алса, ал да — онкологиялык оорулардын белгиси. Денедеги бездердин чоңоюшу, шишиктердин пайда болушу, калдын өңү өзгөрүп, чоңоюп башташы, мурундун көп каноосу, жыныс органдарынан көп кан кетүү, заара кылганда кан кошулуп чыгуусу да рактын белгилерине кирет», — деди Жекшенов.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча ар бир бешинчи киши онкологиялык ооруга чалдыгат. Алардын арасында ар бир жетинчи эркек жана он биринчи аял бул илдеттен каза табат.

Кыргызстанда эркектер арасында эң көп ашказан, өпкө, боор жана простата безинин рагы катталса, аялдар эң көп эмчек жана жатын рагынан жабыркайт. Адис белгилегендей, бул айрыкча маалыматтын жетишсиздигинен да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM