Биз менен байланышыңыз

Орусия чет өлкөгө акча которууга жаңы чек белгиледи

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2022 | 814 | 0

Орусиянын Борбордук банкы жеке адамдар үчүн сыртка акча которуунун жаңы чегин белгиледи. Тиешелүү билдирүү банктын сайтына жарыяланды.

Календардык айдын ичинде орусиялык банктагы эсебинен өзүнө же чет өлкөдөгү башка жеке адамга 50 миң доллардан ашык акча которууга укуктуу.

Буга чейин чек 10 миң доллар болчу.

Борбордук банк эсеп ачпастан акча которуу кызматтарын көрсөткөн компаниялар аркылуу Орусияга дос өлкөлөрдүн резиденттери жана резидент эместери айына 5 миң доллардан ашпаган же башка валютадагы эквиваленттен ашык эмес акча которо алаарын белгилейт.

Жеке жактар, анын ичинде Орусияда эмгек же жарандык-укуктук келишимдер боюнча иштеген дос мамлекеттерден келген резидент эмес жарандар эсеп ачуусуз эле которууларды жүргүзө алат. Ошондой эле Орусиянын сыртындагы эсептеринен рублда жана чет өлкөлүк валютада эмгек акысынын өлчөмүндө кошумча акча которо алышат.

Бүгүнкү күнгө чейин дос эмес өлкөлөрдүн резидент эместери эсептен 10 000 доллар чегинде жана эсеп ачпастан 5 000 долларга чейинки валютада гана акча которо алышкан.

Жаңы чектөөлөр 2022-жылдын 30-сентябрына чейин белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM