Биз менен байланышыңыз

Путин Кыргызстан менен Орусиянын алакасы позитивдүү өнүгүп жатканын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2022 | 1612 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвадагы ЖККУ саммитинен кийин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Анда р Путин Кыргызстан менен Орусиянын алакасы позитивдүү өнүгүп жатканын айтты. Ошол эле убакта өз алдынча талкууну талап кылган бир катар маселелер бар экенин да эскертип өттү.

«Бизде азыр эки тараптуу кызматташтык боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Албетте, маселе өтө көп, бирок жалпысынан биздин алакабыз позитивдүү өнүгүп жатат», — деди Владимир Путин. Ал эки өлкө ортосундагы товар айлануу өткөн жылга салыштырмалуу 30%га өскөнүн мисал келтирип, Орусия Кыргызстан менен товар жүгүртүүдө биринчи орунда турганын айтып өттү.

Ошондой эле, эки өлкө ортосунда өз алдынча сүйлөшүүнү талап кылган маселелер бар экенин айтып, бүгүнкү эл аралык жыйын так ушул маселелерди сүйлөшүүгө жакшы аянтча болуп жатканын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Орусия президенти Путин ЖККУ саммити алкагында Тажикстан, Казакстан, Армения, Белорусиянын президенттери менен да тет-а-тет жолугушууларды өткөрдү.

ЖККУ жыйыны: Лукашенконун чакырыгы, Пашиняндын таарынычы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM