Биз менен байланышыңыз

ЖККУ жыйыны: Лукашенконун чакырыгы, Пашиняндын таарынычы

Блог | 17 мая 2022 | 2865 | 0

Москвада өткөн ЖККУнун саммитинде президенттер регионалдык жана эл аралык коркунучтар жана аларга карата чара көрүү талкууланды. Жыйынга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери толук курамда катышты. Буга чейин ковиддик абалдан улам бир канча жыйындар онлайн конференция аркылуу өтүп келген. Бул саммит 2019-жылдан бери биринчи жолу оффлайн форматта өтүп жатат. Акыркы жолу ЖККУ лидерлери бетме-бет Бишкек шаарында өткөн саммитте чогулушкан.

Путин НАТОнун кеңейишин кескин сындады

Орусия президенти Владимир Путин ЖККУ жыйынында Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуу аракетин сындады. Ал НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып баратканын эскертип, Орусиянын көңүл буруусун талап кылат, -деп билдирди.

«НАТО өзүнүн географиялык айдыңынан, евроатлантикалык алкактан чыгып жатат. Бул, албетте, биз тараптан кошумча көңүл бурууну талап кылат», — деген Владимир Путин.
Путин ошондой эле, ЖККУнун келечеги тууралуу кеп козгоп, алдыда ЖККУга мүчө мамлекеттерди кошумча аскердик техникалар менен камсыздоо маселеси турарын айтты. Ошондой эле ЖККУ Казакстанда январда орун алган окуяларды тынчтык миссиясын мыкты аткаргандыгын белгилеп, уюмдун тынчтык миссияларын мындан ары да жандантуу зарыл деп эсептейт. Мындан сырткары Орусия президенти быйыл күзүндө Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстанда ЖККУ аскерлери биргелешкен машыгуу өткөрө тургандыгын да кошумчалаган.

Украина темасы жабык эшик артында каралды

Орусия президенти Украинадагы согуштун жүрүшү тууралуу ЖККУдагы коллегаларына жабык эшик артында маалымат берди. Ал эми публикага ал болгону Украинада «жайылып жаткан неонацизм», буга карата Батыштын «көрмөксөн» саясаты жана украин аймагындагы америкалык биолабораторияларда «биологиялык куралдар жасалганы» тууралуу гана кыска сүйлөдү. Ал эми ЖККУ лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө Украина тууралуу сөз жер алган жок.

Лукашенконун «бирдиктүү» болуу чакырыгы

Белорусиянын президенти Александр Лукашенко Батыш Украинаны болгон аракети менен согушка тартып жатканын сындап, негизги максат Орусияны алсыздандыруу, — деп билдирди. НАТОнун кеңейиши тууралуу деп кеп козгоп, «ЖККУнун саммити дүйнө кайра түзүлчү учурда өтүп жатат. Батыш бир полярдуу дүйнө системасы артта калып бара жатканын кабыл алгысы келбей, өзүнүн курамына мурда бейтарап болгон мамлекеттерди тартып жатат. Кыскасы, учурда НАТО «ким биз менен болбосо, ал — бизге душман» принцибин карманууда», — деди Лукашенко.
Сөзүнүн аягында ал ЖККУ күчтүү болуусу үчүн бардык мүчөлөрү бир позицияны кармануу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, саясий кызматташтыкты күчөтүү керектигин айтты.

ЖККУнун ишмердүүлүгүнө берилген баа

ЖККУнун Казакстанда январь айында болгон башаламандыктар учурундагы тынчтык миссиясынын иш аракети ийгиликтүү болгонун бардык президенттер бир ооздон колдошту. Жыйындын соңунда кабыл алынган документте да ЖККУнун тынчтык миссиясы өз ишин так аткарып, уюмдун жогорку статусун далилдеди деп жазылды. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев блоктун тынчтык миссиясынын потенциалы жогору экенин айтып, ЖККУну БУУнун тынчтык миссиясына кошууну сунуштады.

Белорусиянын президенти Лукашенко эл аралык аренада ЖККУнун атынан бат-баттан чыгып турууну жана так позицияларды билдирүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле ЖККУ мүчөлөрү башынан эле бирдиктүү фронт болгондо, азыркы Орусияга жана Белорусияга карата «тозокко салган санкциялар» болбойт эле деген таарынычын кошо кетти.
Бирдиктүү фронт болуу чакырыгын Орусия президенти Путин жана Армениянын өкмөт башчысы Пашинян да таштап өттү. Путин КМШ уюмуна мүчө Азербайжан, Молдавия жана Өзбекстанга да ЖККУга байкоочу өлкө деген статус берүүнү да сунуштады.

Армениянын ЖККУга таарынычы

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУ мүчөлөрүнүн Тоолуу Карабахтагы конфликтке карата бирдиктүү эмес реакцияларын эске салып, Еревандын уюмга карата таарынычын айтып өттү. Ошол эле убакта Тоолуу Карабах конфликтин чечүүдө Путиндин жекече салымы чоң экенин айтып, ЖККУнун алкагында кризистерге каршы механизмдерди жакшыртуу боюнча кеп салды.

Ооганстан коркунучу жана санкциялар

Казакстандын президенти Токаев ЖККУ лидерлерин Борбор Азиянын түштүк тарабындагы коркунучтарга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Ал Ооганстанда саясий туруксуздук дагы эле бар экенин жана согушчан топтордун коркунучу тууралуу эскертти.

Токаевдин бул чакырыгын Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да кубаттап, ооган тараптагы айрым аймактарда деструктивдүү күчтөр активдүү экенин айтты. Ошондой эле Ооганстандын жай тургундарына, анын ичинен Памирде оор шартта жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жүк жеткирүү маселесин да көтөрдү. Андан сырткары Орусияга киргизилген санкциялар Кыргызстанды да тынчсыздандырып жатат, — деди Жапаров.

Токаев менен Жапаровдун Ооганстан тууралуу айтканын тажик президенти Эмомали Рахмон да ырастап, ЖККУну «абалдын ар түрдүү сценарийине даяр турууга» чакырык таштады.

Абдымен: Орусия ЖККУга мүчө өлкөлөрдөн саясий колдоо күтөт

 

Copyright © 2017 Maral FM