Биз менен байланышыңыз

ЖККУ саммитинин жыйынтыгында 2 документке кол коюлду

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 171 | 0

Орусиянын Москва шаарында бүгүн, 16-майда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары бир катар биргелешкен документтерге кол коюшту.

Кол коюлган документтердин тизмеси:
— ЖККУ Жамааттык коопсуздук Кеңешинин (ЖКК) Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү;
— “ЖККУнун Казакстандын аймагында тынчтык орнотуучу операциясынын катышуучуларын ЖККУ сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими.

Чечимге ылайык, үстүбүздөгү жылдын башында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамында абалды турукташтыруу үчүн Казакстанга чектелген мөөнөткө жөнөтүлгөн Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн бир катар офицерлери жана аскер кызматкерлери сыйлыктар менен сыйланышты.

ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги милдеттери болуп маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, Казакстандын укук коргоо органдарына кырдаалды турукташтырууда жана аны укуктук талаага кайтарууда көмөк көрсөтүү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM