Биз менен байланышыңыз

Жарандык активист Атай Бейшебек уулунун кармалгандыгы айтылууда

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 363 | 0

Бүгүн, 16-майда Бишкек милициясы тарабынан жарандык активист Атай Бейшебек уулу кармалгандыгы айтылууда. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жардамчысы жана «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу «Фейсбук» баракчасына жазды.

Эрлан Бекчоро уулу Атай Бейшенбек уулу менен жоолугуп, эмне себептен кармалгандыгы боюнча маалымат алууга жетишкен.

«Атай Бейшенбек 2019-жылы Нурбек Мурашев айыл чарба министри болуп турганда сайт жасоону 200 миң сомго баалап, баарын жасап беришкен экен. Кийин Эркинбек Чодуев министр болуп келгенде ошол иштерди кабыл албаптыр. Иш сотко ошол убакта өткөн экен. Бирок ал процесстерге Атайды чакырышкан эмес, Атайдын кабары дагы болгон эмес. Бүгүн Атайды ошол иштер боюнча кармашыптыр. Атай соттун чечимин көрсөткүлө деп талап кылып жатат. Алар көрсөтө алышпай жатат. Бийлик «Атайды (Бейшебек уулу)  камагыла» дептир, булар аткарып жатышат» , — деп жазды ал.

Маалыматты тактоо үчүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, азырынча ал боюнча так маалымат жок экендигин айтышып, алдыда так маалымат бере тургандыктарын билдиришти.

Атай Бейшебек уулу акыркы бир жылдан бери өлкөдө болуп жаткан негизги көйгөйлөрдү көтөрүп, бийликтин, өзгөчө Бишкек шаардык мэриясынын ишмердүүлүгүн сындап, сунуш-пикирлерин айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM