Биз менен байланышыңыз

Президент Москвада санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 351 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-майда Москвада өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин юбилейлик жыйынында сөз сүйлөдү.

Президент чогулгандарды Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгы жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы уюм түзүлгөн мезгилде өзүнө жүктөлгөн жооптуу миссияны татыктуу аткарып, институционалдык жактан өнүгүп, потенциалын чыңдап жатканын канааттануу менен белгиледи.

Мындан тышкары ал, ал азыркы эл аралык кырдаал глобалдык коопсуздук жагынан да, дүйнөлүк экономика жагынан да көңүл жубатарлык эмес экенин белгиледи.

«Коопсуздукка байланышкан коркунучтар жана аскердик-саясий тирешүү ЖККУнун жооптуу зонасынын бардык чек араларына жакындап калды. ЖККУга мүчө мамлекеттердин ички иштерине үчүнчү тараптардын кийлигишүү аракеттери болуп жатат. Ошентип, жылдын башында биз мүчө мамлекеттердин биринде күтүлбөгөн коопсуздук кризисин токтотууга туура келди. Биз ыкчам жана эффективдүү жооп кайтардык», — деди Садыр Жапаров.

Президент Ооганстандын айрым провинцияларында алардын тышкы демөөрчүлөрүнүн Борбордук Азия боюнча кеңири пландары бар эл аралык террористтердин жана экстремисттердин болушуна байланыштуу ЖККУнун түштүк чек арасындагы кырдаал абдан кооптуу бойдон калып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Президент санкциялык тирешүүлөргө тынчсыздануусун билдирди.

Мамлекет башчысы мындай шарттарда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында санкциялардын кесепеттерин жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашын алдын алуу боюнча бирдиктүү чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM