Биз менен байланышыңыз

Кожошев пара менен кармалган кеңешчисин кызматтан бошотту

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 332 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев пара менен кармалды делген кеңешчисин кызматтан бошотконун Фейсбук баракчасына жазды.

Кожошев кеңешчиси тууралуу тарап жаткан маалыматтар өзү үчүн күтүлбөгөн жагымсыз окуя болгондугун айтты.

«Чынымды айтсам мага кеңешчи катары дайындалып жатканда жакшы эле карап, сураштырып анан алганмын. Бирок тилекке каршы ушундай иштер болуп кетти. Эми кененирээк маалымат бере кетсем: УКМК тарабынан ушул жылдын 14-майында кармалган жаран мага өткөн айда, тагыраагы, 26-апрель күнү кеңешчи болуп дайындалган. Кызматка дайындоо учурунда жогоруда белгилеп кеткенимдей ал тууралуу терс маалыматтар жок болчу. Болгон окуяны эске алып, аны кызмат ордунан бошотуу чечимин кабыл алдым»,  — деп жазган Кожошев.

Кожошевдин кеңешчиси эшек бизнеси боюнча пара алып кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM