Биз менен байланышыңыз

Англияда иштөө үчүн 700 кыргызстандык тандоодон өттү

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 2295 | 1

Англияда айыл чарба жумуштарында иштөө үчүн 7 миң кыргызстандык анкета тапшырган. Бул тууралуу 16-майда өткөн маалымат жыйында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, тандоо процесси Англия тарап аркылуу жүргүзүлөт. Азыркы күндө Ангилянын маалыматы боюнча, 700дөй адам тандоодон толук өтүп, май, июнь, июль айларында учуп кетүүгө даярданып жатышат.

19-майда Англияга 165 жаран салтанаттуу узатылары айтылды. Бул Англияга бара турган биринчи топ.

Мындан тышкары, кыргызстандыктарды Түштүк Кореяда да жумушка орноштуруу аракети көрүлүп жатат. Акыркы төрт ай ичинде 300дөн ашуун жаран Кореяга барышты.

«Кечээ 118 адамды жумуш менен камсыздоо боюнча кошумча келишим келди. Түштүк Корея 2022-жылга Кыргызстанга 1 миң 900 квота бөлгөн. Ошондой эле 10-майдан бпаштап июнга чейин корей тилин билүү боюнча тест жүрүп жатат. Ага 1 миң 500 кыргызстандык документ тапшырган» , — деди Кубандык Акматбеков.

Ошондой эле Германиянын Эмгек агенттигине апрель айында кат жолдонгон, учурда ички процедуралар өтүүдө, жакында министрликтер ортосунда келишимге кол коюлары күтүлүүдө.

Мындан сырткары, 16-майда Eduvisa деген компания менен келишимге кол коюлду, анын алкагында 3 жылдык окуу жайды бүтүргөн медайым жана медага болууну каалаган 35 жашка чейинки жарандар Германияга ишке орношо алышат. Бул квалификациялык келишим болгондуктан айлык акысы да жакшы болот.

Кубандык Акматбеков Финляндия жана Японияга да кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи.

Быйыл март айында айыл чарбасындагы сезондук жумуштарга 18 жаштан жогору курактагы кыргызстандыктарды жиберүү үчүн Улуу Британия менен Кыргызстандын ортосунда келишим түзүлүп, мамлекеттик программа башталган.

1 пикир

1 пикир

  1. Жасмина

    27.06.2022 19:48

    Кандай жол мн барса болот?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM