Биз менен байланышыңыз

УКМК кызматкерине пара берип жаткан жаран кармалды (видео)

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 1902 | 0

12-майда Ош облусунун Ноокат районунун тургуну УКМК кызматкерине 200 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Р.Р.Ч. аттуу жарандын башкаруусунда, коңшу мамлекеттен Кыргызстанга контрабандалык жол менен 25 тонна минералдык жер семирткич ташып бара жаткан оор жүк ташуучу унаа Кадамжай шаарынын аймагында кармалган.

Жүктүн ээси Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылынын тургуну А.П. экендиги аныкталган. Жүктүн ээси жүк аткезчилик жол менен ташылып келгендигин мойнуна алып, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында УКМК кызматкерине акча сунуштаган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM