Биз менен байланышыңыз

Тармактык комитет Нарын облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 471 | 0

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети Нарын облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө.

Алгач комитет мүчөлөрү Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев менен баарлашып, анда табияты катаал аймактагы социалдык көйгөйлөр боюнча маалымат берилди.

Облуста айрыкча жол маселеси курч экени айтылды. Жергиликтүү жетекчилер быйылкы жылы эч болбогондо 1 чакырым 280 метр жолду оңдоп берүүнү өтүнүштү. Ошондой эле Нарын шаарына заманбап спорт мектебин куруу зарылчылыгы көтөрүлдү.

Комитеттин төрагасы депутат Бактыбек Сыдыков Жол фонду тууралуу учкай маалымат берип, анда чогулган каражат менен жол көйгөйүн чечүү жакшырарын белгиледи. Андан тышкары айтылган маселелер боюнча Министрлер кабинети тапшырма беришерин кошумчалашты.

Көчмө жыйындын алкагында депутаттар Калкты тейлөө борборлорунун иши менен таанышып, бир катар социалдык объектилердин абалын жеринен көрөт. Муну менен катар түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолуна барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM