Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн алдында казинолордун ачылышына каршы митинг өтүүдө (сүрөт, видео)

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 730 | 0
Сүрөт: Айдина Маматисаева

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында казинолорду ачууга каршы митинг өтүп жатат. 60ка чукул киши  кумарканалардын элге тийгизе турган кесепеттери тууралуу эскертишти.

Алар бийлик өкүлдөрүнө, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, өлкөдө кумаркана ачууга багытталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну талап кылып жатышат.

Жарандык активисттердин бири Акжолтой Тукуновдун айтымында, мындай нааразылык акциялары башка аймактарда да өтүп жатат.

Жогорку Кеңеш 11-майдагы сессиясында чет элдиктер кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Долбоорго 68 депутаттын 53ү макул, 15и каршы добуш берген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча, кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр гана ача алат, ошондой эле кардарлар да чет өлкөлүктөр болушат.

Copyright © 2017 Maral FM