Биз менен байланышыңыз

Талиева өкмөткө: Көрүнгөн маселени алып келип, кабыл алдырганды токтоткула

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 577 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында депутат Камила Талиева маселелерди кыска убакта парламентке киргизе калып, маселе чечип, кабыл алдырууну токтотууга чакырды.

Анын айтымында, акча маселеси менен, «сурамжулоо жолу менен» деп дем алыш күндөрү да депутаттардын артынан жүгүргөндөр көбөйгөн.

«Сурамжулоо жолу менен» деп чуркаган жүгүрчөктөрду токтотолу. Менин артымдан келбегиле, мен расмий айтып коеюн «опросный путем» деп келгендердин бирине да кол койбойм. Башка депутаттар кол коюп берип жатасыңар, бирок мен кол койбойм. Ар бир маселе кенен талкууланып чечилиши керек» , — деди ал.

Ал маселелердин баарын бирден карап өткөрүү керектигин айтып, комитеттен оңой өткөрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын сынга алды.

Copyright © 2017 Maral FM