Биз менен байланышыңыз

Казакстандын ЖОЖдоруна окуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу уланууда

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 181 | 0

2022-2023-окуу жылына Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган жарандардын арасында конкурстук тандоого документтерди кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конкурстук тандоого катышууга коюлган шарттар жана талаптар менен Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтынан (http://student.edu.gov.kg/) таанышып, катталууга болот. Зарыл болгон талаптарды толтуруп, бардык документтерди ушул жылдын 19-май саат 23:59га чейин жүктөө зарыл.

Конкурстук программага катышуу боюнча толук маалымат төмөндөгү телефондор аркылуу берилет: +996 (312) 625082, 621519, 620497.

Ошондой эле суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM