Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 17-майда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +26…+28 градус болот.