Бүгүн, 16- майдан тартып Бишкектин «Ала-Тоо» аянтынын автоунаа жүргөн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу бир жумага жабылды.
Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.