Биз менен байланышыңыз

Парламенттин төрагасы аялзатын урматтоону адатка айлантууга чакырды

Кыска кабар | 15 мая 2022 | 376 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Ал апаларды жана жалпы аялзатын аздектеп, аларга урмат көрсөтүүнү адатка айлантууга чакырды.

Ошондо үй-бүлөнүн бекемдигин, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоого болорун айтты.

«Кыргыз эли ак өргөөсүнүн оң капшытын аялзатына ыйгарып, эзелтен бешик көтөргөн энеге көч баштаткан. Апалар бир үйдүн гана түйшүгүн көтөрбөй, бүткүл элдин эртеңи үчүн күрөшүп, жаркын келечекке кам көрүшкөн. Буга Каныкей, Курманжан, Уркуя, Зууракан жана Керимбүбү өңдүү кыргыздын кыраан энелерин мисал кылсак болот. Азыр да уучубуз куру эмес, улуттун сыймыгына айланган кыздарыбыз арбын. Бактылуу эне — бактылуу бала» — дегендей, апаларыбызды жана жалпы аялзатын аздектеп, аларга урмат көрсөтүүнү адатка айланталы! Ошондо биз үй-бүлөбүздүн бекемдигин, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, келечегибиздин кеңдигин камсыздай алабыз. Эненин ак сүтүн актоо ар бирибиздин ыйык парзыбыз» , — деп айтылат куттуктоодо.

Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде «Энелер күнү» белгиленип келет. Мындай жарлыкка 2012-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM