Биз менен байланышыңыз

Бишкекте №260 маршрутканын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Кыска кабар | 15 мая 2022 | 451 | 0

Бишкек шаарында каттаган №260 кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны жума сайын өтүүдө.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен Бакай-Ата-Нооруз-Нургазиев көчөсүнөн жана андан ары өзүнүн кыймылынын схемасы боюнча каттаган №260 кичиавтобустун кыймылынын чиймеси жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Бул комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Курамында ИИМдин Патрулдук-күзөт кызматынын башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрү кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM