Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык жарандын Украинадагы согушка катышканы текшерилүүдө. (Видео)

Кыска кабар | 15 мая 2022 | 420 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин контрчалгындоо иштеринин жүрүшүндө ыкчам материалдардын, ошондой эле социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүдө, Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармагындагы баракчасы аныкталган.

Көрсөтүлгөн аккаунттун ээси Кыргыз Республикасынын  К.у.А. аттуу жараны экендиги такталган.

Ошол эле учурда ыкчам маалыматтар боюнча К.у.А. 2021-жылдын декабрында Украинанын аймагына эмгек миграциясына кеткени белгилүү болгон.

Азыркы учурда, алынган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик акт жасоого даярдыгы) кылмыштын негизинде катталды.

Анын алкагында кыргызстандык жарандын Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышуу фактысы текшерилүүдө.

УКМК Кыргызстандын чегинен тышкары куралдуу операцияларга катышууга кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM