Биз менен байланышыңыз

Eurovision-2022 ыр сынагында Украина жеңди (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 15 мая 2022 | 421 | 0

Италиянын Турин шаарында 14-майда өткөн Eurovision-2022 ыр сынагында Stefania ыры менен украиналык Калуш оркестринин рэп фольклордук тобу биринчи орунду алды.

Украина үчүн эң көп баллды Польша, Молдова, Латвия, Румыния, Литва калыстары берди. Калыстар тобунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Украина 192 упай алды. Көрүүчүлөр украиналык топко эң жогорку артыкчылыкты — 439 упай беришти. Жалпы балл 631ге жетти.

Экинчи орунду Улуу Британия (466 упай), үчүнчүнү Испания (459) ээледи. Ыр сынагына быйыл 40 мамлекет катышып, 25и финалда күч сынашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM