Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары жолугушту

Кыска кабар | 15 мая 2022 | 322 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Душанбе шаарында тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мамлекеттер ортосундагы мамилелердин келечегин талкуулашты.

Тараптар мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди чечүүгө даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле топографиялык жумушчу топтордун жолугушууларын улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн аймактарында жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM