Биз менен байланышыңыз

Туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон бөлүнөт

Кыска кабар | 15 мая 2022 | 271 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 1-жыйыны өттү.

Жыйында жаңы түзүлгөн туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан инфраструктуралык долбоорлор көрсөтүлдү.

Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин белгиледи.

«Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2,5 күнгө кыскарды, эми 1 күндүн ичинде ала турганга шарт түзүш керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан менен болгон чек ара аркылуу киргендигин эске алып, чек ара өткөрүү пунктарында туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл. Улуттук кеңеш да тез аранын ичинде туризмди өнүктүрүү боюнча стратегиялык программа иштеп чыгып, ишке ашыра баштообуз зарыл. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да буга тартылып, аймактардагы туристик жайларга да көңүл бурулат» – деп билдирди Жапаров.

Туризмди өнүктүүү улуттук кеңештин курамында жеке ишкерлер да бар, кеңештин жыйыны айына бир жолу уюштурулат.

Акылбек Жапаровдун айтымында, туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон бөлүнөт, анын капиталын 5 млрд сомго жеткирүү планы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM