Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 15 мая 2022 | 1045 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Ал бул майрам — энелердин үй-бүлө бакубаттуулугуна, коомдун өнүгүшүнө жана улуттун улут болуп сакталып калышына кошкон зор салымын даңазалай турган өзгөчө күн экенин белгиледи.

«Кылымдарды карыткан улуу кыргыз элибиз эзелтеден эле энелердин баа жеткис жана өлчөөсүз эмгегин аздектеп, сыйлап, аларды ыйык тутуп келген. Тогуз ай курсагында, тогуз жыл кучагында багып, анан өмүр бою мээрим төгүп келген эненин жүрөгү түбү жок чалкыган деңиз экенин, эне жүрөгүнө эне сүйүүсүнө муктаждардын баары батарын, эне деген назик жан өмүрдүн башаты, тирүүлүктүн чексиз ыракаты экендигин билип, «Эне — үйдүн куту», «Эне деген — теңдеши жок асылзат», «Эне сүтүн актоо — унутулгус карыз» деп эчак эле таамай айтып коюшкан» , — деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда.

Президент ар бир коомдун, мамлекеттин теңчилиги менен калыстыгынын чен-өлчөмү биринчи кезекте аялзатына болгон мамилесинен, көңүл буруусунан байкаларын белгилейт.

Садыр Жапаров жакын арада 2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынарын билдирди. Анда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын саясий турмушка жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өзгөчө көңүл бурулат.

«Аялдарды жана үй-бүлөнү колдоо, энелерди урматтап-сыйлоо — бүгүнкү күнүбүздү эле эмес, эртеңки келечегибизди да аныктай турган негизги милдет. Бул — дени сак улуттун өнүгүшүнө жана сакталышына кошкон зор салым» , — деди Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM