Мамлекеттик бюджеттен каржыланган КТРКга улуттук макамы кайра берилди. Бул боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин КТРКнын башкы директорун 15 адамдан турган Байкоочу кеңеш төрт жылга шайлап келген болсо, эми Улуттук телерадио берүү корпорациясынын жетекчисин дайындоо жана иштен алуу укугу өлкө башчысына өтөт. Корпорациянын Байкоочу кеңеши жоюлуп, жетекчи эми бир гана президентке отчёт берет. «Улуттук» макамын кайра алган телеканалда кандай өзгөрүүлөр жүрөт? Түзүмү гана өзгөрүп, «ички ашканасы» ошол эле бойдон калбайбы? Бул суроолорду адистерге узатып, пикирин уктук.
Кыргызстандын башкы телерадио корпорациясы эгемендиктен бери 3 жолу түзүмүн өзгөрткөн. Акыркы жолу 2010-жылы коомдук деген макамга берилген. Ал эми быйыл Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен баштапкы «улуттук» деген макамын кайра алды.
Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу КТРКга улуттук макамын берүү мыйзамы аркылуу бир топ реформа жүрөрүн белгиледи. Башкаруу өзгөрүп жаткандан сырткары облустук телеканалдар корпорациянын карамагына өтөт жана азыркы тапта КТРКны мыйзамдаштыруу жана иретке келтирүү биринчи кадам болуп турат. Андан кийин бөлүнгөн каражатты мамлекеттин идеологиясын жакшы багытка өзгөрүүгө, жаңы долбоорлорду, тарбиялык программаларды алып чыгууга жумшалат.
«КТРК сыяктуу башкы телеканалдарды өнүктүрүү үчүн, телеканал мамлекеттин идеологиясын жүргүзүүсү үчүн ар бир өлкө милиарддаган акчаларды ошол жакка жумшайт. Биринчи кадам катары азыр баарын иретке келтирип жатабыз. Ал эми экинчиден, каржы маселелерин чечип жатабыз. КТРКга 12 млн сом улуттук макамы үчүн берилип жатат, мындан сырткары облустук телеканалдардын 110 млн сому бар, ал кошулат. Мунун баары контентти жаңыртууга, жаңы ички продукцияларды чыгарууга жумшалат».
«Улуттук» макамга ээ болгон корпорациянын бюджети көбөйүп, кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөрү, ал үчүн казынадан кошумча 9 млн сом которулары айтылган.
КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон. Анткен менен КТРКда кызматкерлердин саны кыскарары кабарланды.
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова КТРК улутук макамын алгандан кийин сөзсүз түрдө мамлекеттик көзөмөл болушу керектигин айтты. Ал КТРКны мамлекетке толук алуу убакыттын талабы жана зарылчылык деген ойдо.
«Бул — турмуштук зарылчылык. Эгер биз мамлекеттик телеканалдын деңгээлин көтөрө турган болсок, коомдук кылбастан, чыныгы улуттук кылып, эл аралык деңгээлде телеканал катары түз саясатын жүргүзүп, кесиптештери, коңшу мамлекеттердин телекомпаниялары менен тең ата сүйлөшүүгө өбөлгө түзүлөт».
Медиаэксперт, КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков «Маралга» берген маегинде КТРКны улутташтыруу менен эч нерсе өзгөрбөйт деп айтат. Ал маалыматтык стратегияны өзгөртүү үчүн түп-тамырынан карап чыгуу зарылчылыгын белгиледи.
«Мисалы, УКМК жарандардын телефон сүйлөшүүлөрүн соттун уруксатысыз угуу боюнча мыйзамдаштырып жатпайбы. Буга чейин деле алар соттун чечими жок эле угуп келишкен, бирок эми бул ишти мыйзам чегинде кылабыз деп жатышат. Так-даана ошондой эле КТРКда мыйзамдашуу жүрүп жатат. КТРКда эч качан президенттин каалоосусуз, көзөмөлүсүз башкы директор шайланган эмес. Тарыхта бир жолу гана ачык-айкын конкурс аркылуу жетекчи дайындалган. А буга чейинки жетекчилердин баары президенттердин батасы менен келишкен. Анан кайсы өзгөрүү боюнча сөз болуп жатат? Бул жерде бир гана нерсе өзгөрөт. Буга чейин КТРКнын 15 кишиден турган Байкоочу кеңештеги мүчөлөрү өз кызыкчылыгын коргоп, жетекчини «эзе берчү». Ал эми азыркы мыйзам ошол Байкоочу кеңешти жоготкону эле болот».
Мындан сырткары Карыпбеков улуттук макам үчүн кызматкердин айлыгына 1000 сомдон кошуларын сынга алып, «шылдыңдагандай» көрүнүш болуп жатканын айтты.
Ал эми Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу улуттук макам үчүн кызматкердин айлыгына азырынча миң сомдон кошуларын, бул көрсөткүч бара-бара көбөйөрүн билдирди.
Медиаэксперт Марат Токоевдин пикиринде, КТРК улуттук болсо, түзүмдүк жактан кыйла өзгөрүүгө барганы менен маалыматтык жактан көп деле өзгөрүү болбойт. Себеби коомдук корпорация болуп турган кезде да анын саясатын бийиктегилер аныктап турган.
Токоев коомдук макамдын улуттук болуп калганы өлкөнүн имиджине чоң залакасы тиерин кошумчалады.
«Кыргызстандын имиджине чоң залакасын тийгизет. Себеби демократиялык нукта өнүгүп жаткан өлкөнүн бирден-бир көрсөткүчү ошол коомдук телеканал болчу. Ооба, бизде «коомдук телекомпания» деген аты затына туура келчү эмес, бирок бара-бара аракет кылып, бири-бирине шайкеш келтирсе болот болчу. Улуттук кылып койгондору өкүнүчтүү».
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, КТРКны башкы директор жетектейт, аны болсо президент кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Башкы директордун үч орун басары болот, аларды өзү дайындайт. Корпорация мамлекеттик мекеменин өзгөчө макамына ээ болот.