Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Шыдыр жол KGнин» автобустары каттамдан кайра алынышы мүмкүн

Кыска кабар | 8 мая 2022 | 366 | 0

Бишкек мэриясына караштуу Транспорт жана жол тейлөө департаменти «Шыдыр жол KG» компаниясына таандык №35 жана №41 автобустардын жүрүшү боюнча маселелерди карап жатканын кабарлады.

Департамент эгер кемчиликтер жоюлбаса, келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, автобустар каттамдан алынышы мүмкүн экенин эскертти.

Алардын айтымында, «Шыдыр жол KG» компаниясы Бишкек мэриясы менен түзүлгөн келишимдерди так аткарбай, автобустардын каттамга чыгуу ырааты одоно бузулуп жатат. Бул боюнча тургундардан келип түшкөн видео, фото кайрылуулар бар.

Бул көйгөйдү жоюу максатында департамент компанияга бир нече жолу билдирүү жөнөтүп, талкууга чакырган.

Айта кетсек, кечээ, 7-майда транспорт жана жол тейлөө департаментинин директору Максат Нусубалиев ушул автобустар каттаган конуштардын калкы менен жолугуп, жагдайды чечип берүү убадасын берген.

Жеке ишкер Токтобүбү Оргалча менен жубайы Нурсланбек Балтабаев биргеликте түптөгөн «Шыдыр жол KG» компаниясына таандык №41 автобус 2021-жылдын 16-декабрында Мурас-Ордо конушуна каттаган «Жазада-Транстын» 206-маршруттук каттамынын ордуна кирген.

Бул «Шыдыр жол KG» компаниясы менен Бишкек мэриясынын биринчи эле жолку чырлашуусу эмес. Буга чейин да борборго газ менен жүргөн 100 автобусту алып келүү келишими боюнча да, Көлмө конушуна кирген №5 автобус боюнча да нааразылашып жүрүшкөн.

Бишкек мэриясын убара кылган «Шыдыр Жол KG» убадасын качан аткарат?

Бишкекте 5-каттамдагы автобустар каттабай турат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM