Биз менен байланышыңыз

АКШ Украинага дагы 150 млн долларлык курал-жарак бермей болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2022 | 1055 | 0

АҚШ президенти Жо Байден 6-майда Украинага кошумча аскердик жардам ажыратыла турганын жарыялады. Reuters маалымдагандай, Ак үйдүн Украинага жибере турган жаңы жардам пакети 150 млн долларлык курал-жарактардан турат. Анын ичинде артиллериялык ок-дарылар, радарлар жана башка аскер техникалары бар.

Байдендин баяндамасында, АКШ ушуну менен Украинага деп бөлгөн 3,4 млрд долларлык жардам пакетинин лимитин толук түгөткөнү айтылат. Мындан улам Байден АКШ Конгрессин Украина үчүн аскердик жардамды 3 млрд доллардан 33 млрд долларга чейин чыгарууга чакырды.

Орусия Украина кол салгандан бери, АКШ украин тарапка 3,4 миллиард долларлык курал жарак, анын ичинде гаубицалар, Stinger зенит системалары, танкка каршы Javelin ракеталары, ок-дарылар жана Ghost дрондорун тапшырган. Бүгүн тастыкталган жаңы жардам пакетинде 25 миң даана 155 миллиметрдик артиллерия снаряддары, артиллерияга каршы радарлар, душманга туура эмес маалымат берүүчү аппараттар бар экени айтылууда.

Апрель айынын аягында АКШ Конгрессинин өкулдөр палатасы экинчи дүйнөлүк согуштан бери колдонулбай турган ленд-лиза программасы аркылуу Украинага курал жеткирип берүү мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен колдоп берген. Байден ага 9-май күнү кол коеру күтүлүүдө. Ленд-лиза программасы АКШга бир катар бюрократиялык эрежелерди аттап өтүп, өтө кыска убакытта Киевге курал-жарак жеткирип берүүгө жол ачат.

Лавровдун сөзү үчүн Путин кечирим сурады

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM