Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан 9-майды саясатташтырбоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2022 | 552 | 0

Өзбекстанда «Юксалиш» жалпы улуттук кыймылы 9-майды саясатташтырбоого чакырды.

Кыймылдын өкүлдөрүнүн айтымында, жыл сайын май айынын башында ар кандай расмий жана расмий эмес чөйрөлөрдө бул күндү ашыкча саясатташтырууга аракеттер болуп келет. Бул тууралуу «Юксалиш»коомдук кыймылынын расмий треп-каналында маалымдалды.

Аталган кыймыл эл аралык коомчулук 9-май Өзбекстан калкы үчүн кандай мааниге ээ экенин алгач жакшылап түшүнүп алуусу зарыл деп эсептейт:

«Биринчиден, бул күнү экинчи дүйнөлүк согуштун эң коркунучтуу жана кандуу мезгилинде курман болгон жарым миллиондон ашык өзбекстандыктар эскерилет.

Экинчиден, 9 — май согушка катышкан 1,5 миллиондон ашык мекендештердин эрдигин эскерүү жана аларга сый көрсөтүү күнү.  Өзбек элинин толеранттуулугу, фронттон Өзбекстанга эвакуацияланган миллионго жакын үй-бүлөнүн жана балдардын кабыл алынганынын даңазалоо болуп саналат.

Үчүнчүдөн, бул күнү экинчи дүйнөлүк согушка чейин жана андан кийин өлкөбүздүн тынчтыгы жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн жанын берген бардык ата-бабалар эскерилет. Көзү тирүү ардагерлерге сый-урмат жана сый көрсөтүлөт, аларды ар тараптуу колдоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.

Бир сөз менен айтканда, 9 — май фашизмди жеңген күн гана эмес, биринчи кезекте биздин элибиздин согуштагы жана дүйнөдөгү улуу трагедияларын эскерүү күнү, бул биздин коомдун аң — сезимине терең сиңген баалуулук болгон тынчтыкты баалоону үйрөтөт»- деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Өзбекстан 9-майга карата парад өткөрүүдөн баш тартканы кабарланган. Коргоо министрлиги бул күнү өлкөдө эскерүү жана урмат-сый күнү белгиленет деп билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM