Биз менен байланышыңыз

Гүлчө-Корул-Ылай-Талаа жолундагы сел алып кеткен көпүрөнү оңдоо иштери уланууда

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 298 | 0

Алай районундагы Гүлчө-Корул-Ылай-Талаа автожолундагы сел алып кеткен көпүрөнү оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда көпүрөнү калыбына келтирүүгө 10 жумушчудан турган топ иштеп, 1 эксковатор, 3 жүк ташуучу унаа, 1 грейдер, 1 автокран жана башка техникалар тартылган. Учурда көпүрөнүн астын бекемдөө иштери бүткөрүлгөн соң, өтмөккө плиталар коюлуп жол калыбына келтирилет. Ошондой эле көпүрөнүн эки тарабына бекемдөөчү дамбалар курулат.

Белгилей кетсек, 3-май күнү катуу жааган жамгырдан улам сел кетип, Алай районундагы Гүлчө-Корул-Ылай-Талаа автожолундагы көпүрөгө кеткен жолдун 30 метрин сел алып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM