Биз менен байланышыңыз

Токтомамбетов: Бүтүрүүчүлөрдүн 20%ы гана так илимдерди тандашат

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 304 | 0

Биз 12 жылдык билим берүү системасын эртерээк жарыялап койдук. Ошондуктан коомчулукта кызуу талкууга кабылды. Түшүндүрүү иштеринен кийин гана элдин кабыл алуусу өзгөрдү. Биз болгону мекепке даярдоонун мазмуну өзгөртүп жатабыз. Балдар мурдагыдай эле 17 жаш курагында мектепти аякташат. Мындай пикирин педагогика илимдеринин кандидаты Алмазбек Токтомамбетов Таласта өтүп жаткан мугалимдердин илимий симпозиумунда билдирди.

Токтомамбетов ошондой эле билим берүүдөгү өзгөрүүлөр боюнча кыскача токтолду. Ага ылайык, окуу жүткөмдөрүн азайтуу, кошумча кесиптик билимдерди берүү, исскусство, жан дүйнөсүн байытуу жана спортко кызыктырууга басым жасалат.

Мындан сырткары, ал тарбия маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, ата-энелер менен иштөөнү кенири жайылтууга аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Токтомамбетов кошумчалагандай, реформалардын алкагында табигый так илимдерге өзгөчө басым жасалат.

Анын айтымында, өлкөдө бүтүрүүчүлөрдүн 20%га жакыны гана табигый так илимдер багытына тапшырса, 80%га жакыны гуманитардык багытка тапшырышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM