24-майга чейин Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсүнүн Чүй проспектисинен Огонбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жарым-жартылай жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда жылуулук тармагын тартуу иштери жүрүп жатат.
Автоунаалар үчүн альтернативалуу жол катары Гоголь жана Осмонкул көчөлөрү сунушталат.