Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Алай району боюнча 287 турак үйдү сел каптады

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 234 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 5-май саат 14:30га карата Алай районундагы сел каптаган айылдар тууралуу маалымат таратты.

📌Корул айыл аймагынын 4 айылында жалпы 229 турак-үй, анын ичинде 41 үйдүн жертѳлѳсүн сел суулары каптаган;

📌 Гүлчѳ айыл аймагынын 1 айылында 17 турак үйдүн короосун жана 1 турак үйдүн ичин суу каптаган;

📌 Коңур-Дѳбѳ айыл аймагынын  2 айылында  14 турак үйдүн короосуна;

📌 Жошолу айыл аймагынын 2 айылында 27 турак үйдүн короосуна жана 2 турак үйдүн ичине;

Алай району боюнча жалпы жонунан 287 турак үйдү сел суулары каптаган.

Ошондой эле Тогуз-Булак айылындагы кѳпүрѳ жараксыз абалга келген. Убактылуу сай аркылуу жол салууга Жол тейлѳѳ мекемесинен 9 техника тартылып, кѳпүрѳнү калыбына келтирүү иштери жүрүүдѳ.

Азыркы учурда ƟКМдин жалпы 69 кызматкери сел суулары каптаган үйлѳрдү тазалоодо. Ал эми техниканын жардамы менен сел калдыктары толгон жолдор тазаланууда.

Район боюнча жалпысынан Жарандык коргонуу кызматтары, Коргоо министрлигинин кызматкерлери жана ƟКМ кызматкерлерин кошкондо 14 техника жана 191 кызматкер иш алып барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM