Биз менен байланышыңыз

Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражатты уурдоо фактылары аныкталды

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 129 | 0

Аскер прокуратурасы тарабынан Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражатты уурдоо фактылары аныкталды.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Коргоо министрлигинин №44549 аскер бөлүгүнүн каржы кызматынын башчысы мыйзамсыз түрдө өздүк эсебине бюджеттик каражаттарды которуп, кымырып алгандыгы аныкталган.

Мындай кылмыш аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыян 965 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу»), 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») жана 346-беренеси («Кызматтык жасалмачылык») менен кылмыш иши козголду.

Тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM