Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда 600 турак үйдү сел каптады

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 731 | 0

Кечээ, 4-май күнү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Учурда ӨКМдин орун басары жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, Сузак районуна «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын тазалоодо.

ӨКМден 12 бирдик техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалган. Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM