Биз менен байланышыңыз

Конституция күнү. Президент сотторго сыйлык тапшырды (сүрөттөр)

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 621 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Конституциялык сотко барды. Жапаров сот бийлигинин жогорку органынын иши, сот өндүрүшүнүн процесстери, системаны санариптештирүү аракеттери боюнча маалымат алды. Ал Конституция күнүнө карата сот  кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Президенттин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланды: 

— Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дуйшеев;

— Конституциялык соттун судьясы Меергул Бобукеева;

— Конституциялык соттун судьясы Жедигер Саалаев;

–Конституциялык соттун экс-судьясы Абдиев Курмантай;

–Конституциялык соттун экс-судьясы Куанбек Киргизбаев;

Президенттин атынан төмөнкү кызматкерлерге алкыш жарыяланды: 

— Конституциялык соттун аппаратынын финансы-чарба бөлүмүнүн башчысы Айзада Бокоева;

— Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын начальниги Кубанычбек Алыбаев;

— Конституциялык соттун аппаратынын эл аралык байланыштар жана мыйзамдарды салыштырма талдоо бөлүмүнүн башчысы Каныбек Масалбеков;

— Конституциялык соттун аппаратынын эксперттик-аналитикалык башкармалыгынын укуктук жана уюштурууну камсыздоо бөлүмүнүн улук консультанты Уланбек Нурматов.

Жапаров Баш мыйзам канчалаган өзгөрүүлөргө дуушар болгонуна карабастан, өлкөнүн укуктук тутуму 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциянын пайдубалына таянарын айтты.

«Конституцияны жөнгө салуунун саясий-укуктук чөйрөсү түп тамырынан өзгөртүлдү. Башкаруунун президенттик формасына өтүү дагы оңой болгон жок, бирок ал демократиялык принциптерден баш тарттык дегенди туюндурбайт. Элдин тандоосу ушундай болду. Башыбыздан кечирген оош-кыйыш жылдардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, өлкөнү жоопкерчилик менен башкарууга мезгил жетти. Ошону менен бирге, элибиздин кылымдарды карыткан тарыхын урматтап, кеңири ыйгарым укуктарга ээ Элдик Курултай демократиялык институтунун киргизилиши калкка өз бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашырууга шарт түзөт дегенди түшүндүрөт. Баш мыйзамга ылайык, конституциялык түзүлүштүн негизи болгон адам укуктары менен эркиндиктери, жеке менчик, экономикалык ишмердиктин эркиндиги сыяктуу баалуулуктар укуктук, демократиялык мамлекеттин өзөгүн түзөт жана ал Конституциялык Соттун коргоосунда болот», — деп белгиледи Жапаров.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

Башмыйзамдын жаңы редакциясы 2021-жылы 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM