Биз менен байланышыңыз

Өкмөт 16-майдан тарта кыргызстандыктар Орусияга чектөөсүз кире аларын эскертти

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 788 | 0

16-майдан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн Орусияга кирүүгө, ошондой эле Орусиянын жарандарынын Кыргызстанга кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Орусия өкмөтү кабыл алган.

Бул маселе 2022-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM