Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров селден улам миңден ашык адам көчүрүлгөнүн кабарлады

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 275 | 0

Президент Садыр Жапаров өлкөдө болуп жаткан табигый кырсыктар тууралуу маалымат берди. Ал фейсбуктагы баракчасына сел каптаган айылдардан ондогон үй-бүлө, анын ичинде 1150дөй адам убактылуу башка жакка көчүрүлгөнүн жазды.

«Чоко-Дөбө айылынан 20 үй-бүлө (70 адам), Комсомол айылынан 45 үй-бүлө (150 адам), Миң-Өрүк айылынан 60 үй-бүлө (200 адам), Төөлөс айылынан 3 үй-бүлө (15 адам), Таштак айылынан 50 үй-бүлө (180 адам), Жаңы-Айыл айылынан 30 үй-бүлө (130 адам), Б.Осмонов айылынан 60 үй-бүлө (220 адам), Атабеков айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынан 13 үй-бүлө (50 адам) туугандарынын үйүнө, 10 үй-бүлө (37 адам) Төбөй айылындагы мечитке, 26 адам “Ислам” чайханасына убактылуу  жайгаштырылды.

Алайга дагы жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Коргоо министрлиги толугу менен ишке тартылды. Жабыркаган үйлөрдү жакын арада калыбына келтиребиз. Сабыр кылыңыздар» , — деди Жапаров.

ӨКМдин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел жүрдү. Ага чейин Алай районунда, Нарын облусундагы аймактарда сел жүргөн.

5-6-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо этектеринде, тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM