Биз менен байланышыңыз

Сузактын аймагында сел жүрүп, 35 үй-бүлө эвакуацияланды

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 137 | 0

Сузак районунун аймагында сел жүрүп, 35 үй-бүлө эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, 4-май күнү саат 22:50 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Атабеков айыл аймагында Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад айылдарында, Барпы айыл аймагындагы Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарындагы турак үйлөрдү каптаган.

Мындан сырткары, Барпы айыл аймагында Б.Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20 жана Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйдүн ичине сел суулар кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүрүлүп, Миң-Өрүк айылында 1 турак үй урап түшкөн.

Чангет-Сай дарыясынын денгээли көтөрүлүп Барпы айыл аймагында Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган.

Миң-Өрүк айылынан 15 үй бүлө жана Кара-Жыгач айылынан 20 үй бүлө эвакуацияланган.

Учурда жеринде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Сузак райондук бөлүмүнүн ыкчам топтору жана 77 куткаруучу, 3 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 грейдер, 2 манипулятор, 2 трактор МТЗ-80 тартылып кырдаалды жоюу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM