Биз менен байланышыңыз

Лондон: «Кыргызалтынга» «ишенимдүү жеткирүүчү» макамы кайтарылды

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 298 | 0

Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун аффинаждык заводунун Good delivery «ишенимдүү жеткирүүчү» компания статусун калыбына келтирди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинен кабарлашты.

«Биз  дүйнөлүк рынокко алтын жана күмүштү ишенимдүү жеткирүүчү катары өз мойнубузга алган милдеттенмелерибизге бекем берилгендигибизди далилдей алдык. «Кыргызалтын» ААКнын аффинаждык заводу мындан ары да LBMAдагы бардык милдеттенмелерин толук аткарат деп ишенем», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Өткөн жылдын сентябрынан бери бул статусту токтоткон мезгилде «Кыргызалтын» ишканасы тарабынан аффинаждалган алтын жана күмүштүн бардык көлөмүнө да Good delivery  статусу  таанылат.

2021-жылдын 17-сентябрында «Кыргызалтын» ААКы Лондондогу Баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) ишенимдүү жеткирүүчү компаниялар тизмесинен чыгарылган.

Июнь айында аталган бирикме «Кыргызалтын» ишканасынын жеткирүү маселелери жана алдамчылык ыктымалына байланыштуу жагдайлар изилдеп жатканын билдирген.

Тизмеден чыгаруу «Кыргызалтындын» негизги рынокко кирүүсүн чектеген, анткени баалуу металлдар соодасында үстөмдүк кылган ири банктар, адатта, Лондон баалуу металлдар ассоциациясынын ишенимдүү жеткирүүчүлөрүнүн тизмесине кирген нефтини кайра иштетүүчү заводдордун металлдары менен гана алектенишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM