Биз менен байланышыңыз

«Мурас» турниринин жарым финалына өткөн командалар аныкталды

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 745 | 0

Футзал боюнча өтүп жаткан «Мурас» салттуу достук мелдешинин жарым финалына чыккан командалар белгилүү болду. Чейрек финалдагы оюндардан кийин жарым финалга:

-«Президенттин администрациясы»,

-«Ыйман»,

-«Алга»,

-«Жогорку Кеңеш» командалары өттү.

Футзал боюнча «Мурас» турниринен сүрөттөр

Чейрек финалдын жыйынтыгы төмөнкүдөй болгон:

1. “Президенттин администрациясы» — “Спорттук федерациялар” – 4:2;

2. “Ыйман” — “Журналисттер” – 2:1;

3. “Алга” — “Билим” – 2:0;

4. “Жогорку Кеңеш” — «Бизнес» – 3:1.

Эртең, 5-майда жарым финал жана финалдык беттештер болот. Бүгүн тайпалык жана чейрек финалдык оюндар өттү.

Оюндарды «КТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөтөт.

Түз алып берүү убактысы:

— 5-май саат 12:00.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM